Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:08

Швециянын премьер-министри отставкага кеткенин жарыялады


Магдалена Андерссон.
Магдалена Андерссон.

Швециянын премьер-министри Магдалена Андерссон парламенттик шайлоодо ал жетектеген Швециянын Социал-демократиялык партиясы утулгандан кийин кызматтан кеткенин жарыялады.

Эми министрлер кабинетин оңчул партиялардын коалициясы түзөт.

Парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгына ылайык, Магдалена Андерссон жетектеген партия шайлоочулардын 30% добушун топтоп, парламентте 173 мандат алды. Ал эми улутчул деп саналган “Швециянын демократтары” партиясынан түзүлгөн оңчулдардын коалициясы 176 орунга ээ болду.

Эми премьер-министрдин ыйгарым укуктары Швециянын парламентинин спикерине убактылуу өтөт.

Швецияда шайлоо 11-сентябрда өттү, добуш берүүнүн расмий жыйынтыгы 18-сентябрда жарыяланат. Социал-демократтар партиясы 1917-жылдан бери шайлоодо биринчи орунду алып келген.

Ал эми “Швециянын демократтары” улутчул партия деп эсептелет жана Швецияда акыркы жылдары популярдуу болууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG