Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:25

АКШ Украинага бериле турган аскердик жардамдын жаңы пакетин жарыялады


Американын HIMARS жапырт аткылоочу реактивдүү системалары. Иллюстрациялык сүрөт.
Американын HIMARS жапырт аткылоочу реактивдүү системалары. Иллюстрациялык сүрөт.

Америка Кошмо Штаттарынын Коргоо министрлиги Украинага 600 миллион долларга бааланган аскердик жардамдын жаңы пакетин жарыялады. Анда HIMARS жапырт аткылоочу реактивдүү системасы үчүн кошумча ок-дарылар, артиллериялык снаряддар, артиллерияга каршы төрт радар, учкучсуз учуучу аппараттарга каршы системалар, минадан тазалоочу жабдуулар жана башка аскердик курал-жарак бар.

Жо Байден бийликке келгенден бери АКШ Украинага баш-аягы 15,8 миллиард доллардай жардам берди. Кошмо Штаттары 2014-жылдан бери Украинага коопсуздугун камсыздоо үчүн болжол менен 17,9 миллиард доллар, ал эми Орусия 24-февралда согуш ачкандан кийин 15 миллиард доллардан ашык жардам көрсөттү.

Орусия Украинага согуш ачкандан бери Батыш өлкөлөрү украин куралдуу күчтөрүнө аскердик жардам берип келет. Украина АКШ жөнөткөн HIMARS жапырт аткылоочу реактивдүү системаларын фронтто ийгиликтүү пайдаланууда.

Быйыл 24-февралда Орусия Украинага басып кирген. Орусиянын президенти Владимир Путин Украинаны “демилитаризациялоо” жана “денацификациялоо”, ошондой эле өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” ("ДНР"), “Луганск Элдик Республикасы” ("ЛНР") деп атап алган жикчил түзүмдөрдүн тургундарын “геноцидден” бошотуу зарыл экенин жарыялаган. Бирок анын жөнүн так түшүндүргөн эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG