Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:40

Баткенге жардам катары 179 миллион сомго жакын каражат чогулду


Баткен облусундагы Ак-Сай айылы. 20 сентября 2022 года.
Баткен облусундагы Ак-Сай айылы. 20 сентября 2022 года.

Каржы министрлигинин 20-сентябрь, саат 17:30га карата берген маалыматына ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн ачылган атайын эсепке 178 миллион 819 миң 602 сом түштү.

Бул тууралуу Кыргызстандын каржы министринин орун басары Жибек Дүйшеева 20-сентябрдагы маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтуусунда, бул каражаттан азырынча эч кандай муктаждыкка сарптала элек.

"Президенттин "Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө" жарлыгына ылайык, Министрлер кабинетине жабыркагандарга жаңы турак жайларды куруу, керектүү нерселер менен камсыз кылуу, чек ара тозотторун калыбына келтирүү тапшырмалары берилди. Бул дагы кошумча каражатты талап кылат, азыр Каржы министрлиги булактарды аныктоонун үстүндө иштеп жатат. Быйылкы жылдын бюджети бекитилип бүткөн. Эми ал биринчи кезекте приоритеттүү багыттар боюнча, калыбына келтирүү иш-чаралары үчүн оптималдаштырылат жана кайра бөлүштүрүлөт", - деди министрдин орун басары.

Дүйшеева кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн ачылган атайын эсепке чогулган каражат кайда сарптала турганын айткан жок.

Мунун алдында Министрлер кабинети Баткен облусуна республикалык бюджеттен 497,6 миллион сом бөлүнгөнүн кабарлаган. Өкмөттүн басма сөз кызматы бул акча куралдуу кагылыштын кесепеттерин жоюуга жана оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө жумшаларын жазган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги талкаланган үйлөрдүн саны 364 экенин билдирди. Мындан тышкары социалдык объектилер жана аскердик казармалар талкаланган. Чыгымды атайын түзүлгөн мамлекеттик комиссия эсептеп жатат.

Быйыл 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атады. Анын алдында Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги ушундай эле мазмунда айыптаган билдирүү жарыялаган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышта Кыргызстан бери дегенде 59 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери экени айтылды, жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 57 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды.

Курмандыктар жана жаракат алгандар, турак жайлар тууралуу маалыматтарды көз карандысыз булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG