Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:51

Жапаров менен Мирзиёев кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды талкуулады


Садыр Жапаров жана Шавкат Мирзиёев
Садыр Жапаров жана Шавкат Мирзиёев

Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери Садыр Жапаров жана Шавкат Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөшүп, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды талкуулады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Расмий маалыматта Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевге кыргыз тараптан каза болгондордун жана жабыркагандардын саны, Баткен районунун чек арага жакын айылдарындагы жарандык жана социалдык инфраструктуралык объектилердин талкаланышы тууралуу айтып бергени кабарланды. Өзбекстандын президенти Кыргызстандын түштүгүндөгү каргашалуу окуялардын учурунда каза болгондордун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айткан. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кырдаалды тынчтык дипломатиялык жол менен гана жөнгө салуунун маанилүүлүгүн белгиленген.

Бул маалымат Өзбекстан президентинин расмий сайтына да жарыяланды.

Ошондой эле, эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуу, биргелешкен долбоорлорду иш жүзүндө ишке ашыруу, анын ичинде “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорун илгерилетүү маселелери боюнча пикир алышуу болгон.

Соңку расмий маалымат боюнча, 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда кеминде 59 кыргызстандык мерт болду, алардын арасында 15 жаштагы окуучу кыз бар. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты. Саламаттык сактоо министрлиги жараат алгандардын арасында канчасы жай тургундар экенин тактай элек.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышта Кыргызстан бери дегенде 59 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери экени айтылды, жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып 57 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды.

Курмандыктар жана жараат алгандар тууралуу маалыматтарды көз каранды эмес булактардан тактоого азырынча мүмкүн эмес болууда. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG