Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:46

Орусиянын армиясы Одессаны ирандык дрондор менен аткылады


Ирандын өндүрүшүндөгү Shahed-136 камикадзе-дрондору.
Ирандын өндүрүшүндөгү Shahed-136 камикадзе-дрондору.

Орусиянын Куралдуу күчтөрү Украинанын Одесса шаарын камикадзе-дрондор менен аткылады. Бул тууралуу Украинанын жалпыга маалымдоо каражаттары кабарлады.

Телеграм-каналдарда шаардын үстүндө дрондордун учуп жүргөнү, чабуул жасаганы жана өздөрү талкаланганы тартылган видеолор жарыяланууда. Шаарда бир жайкын тургун өлүп, порттук зонадагы административдик имарат жана башка объектилер талкаланганы кабарланды.

Дрондор Ирандын өндүрүшүнөн чыккан Shahed-136 учкучсуз учактары экени маалымдалды. Жергиликтүү бийлик учуучу аппараттар абадан коргонуу системалары менен атып түшүрүлүп жатканын билдирди. Орусиянын Коргоо министрлиги Одессага урулган соккуну комментарийлей элек.

Сентябрдын башында украин аскерлери Shahed-136 дрондорун биринчи жолу Харьков облусунда Купянск шаарын бошотуу маалында атып түшүргөн. Кийин Николаев облусунда төрт даана дрон атып түшүрүлгөн.

Украин тарап билдиргендей, мында узак аралыкка уча турган камикадзе-дрондор жөнүндө кеп болуп жатат. Shahed-136 – бул узак убакыт асманда учуп жүрө берүүгө жөндөмдүү учкучсуз учактардын тиби. Ал тумшугуна дүрмөт жүктөп барып, бутага сокку урат. Дрон-комикадзе төмөн учкандыктан аны абадан коргонуу системаларынын ракеталары атып түшүрүүсү кыйынга турат.

Августтун аягында The Washington Post басылмасы Орусияга ирандык аскердик учкучсуз учактардын биринчи партиясы келип түшкөнүн жазган. Анда Москва Тегерандан Mohajer жана Shahed деп аталган эки түрдөгү дрондордон жүздөгөн даана сатып алганы айтылган. Кийин бул маалыматты АКШнын расмийлери ырастаган, Иран менен Орусиянын өкүлдөрү муну төгүндөп чыккан. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG