Кыргызгидромет кызматы 25-сентябрда тоолуу райондордо өткүн өтөт деп кабарлады. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан жел согуп турат.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10...15, күндүз 27...32,
Талас жергесинде түнкүсүн 6...11, күндүз 23...28,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12...17, күндүз 27...32,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 7...12, күндүз 20...25,
Нарын облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 21...26,
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн 0...-5, күндүз 4...9°.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 13…15, күндүз 30…32° болот.