Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:50

Иркутскиде аскер комиссариатында ок атылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Иркутск облусунун Усть-Илимск шаарындагы аскердик комиссариаттардын биринде аскерге чакырылган адам ок чыгарды. Андан аскерге чакыруу комиссиясынын башчысы Александр Елисеев жаракат алып, учурда оорукананын жандандыруу бөлүмүндө экени кабарланды.

Социалдык тармактарга тараган видеодо, ок аткан адам өзүн 25 жаштагы Руслан Зинин деп тааныштырып жатканын көрүүгө болот. Маалыматка караганда, ага согушка чакыруу келген. Күбөлөрдүн айтымында, ал ок чыгарардын алдында «азыр баарыбыз үйгө кетебиз» деп кыйкырган.

Тергөө комитети «мыйзамсыз курал алып жүрүү» жана «тартип коргоо органынын кызматкеринин өмүрүнө кол салуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.

Орусияда жүрүп жаткан мобилизацияга байланыштуу военкоматтарды, административдик имараттарды өрттөө аракеттери көп катталып жатат. Mash басылмасы кабарлагандай, соңку бир сутка ичинде Ленинград облусунда эле белгисиз адамдар бир нече аскердик комиссариатына өрт коюшкан. Ушундай эле окуялар Мордовия, Калининград жана Нижегород облустарында да катталган.

Орусияда мобилизацияга каршы бир катар шаарларда ири акциялар өттү. 25-сентябрдын кечинде митингдерге чыккан эки жарым миңдей киши кармалганы маалым болду. Он миңдеген адамдар, негизинен эркектер өлкөдөн чыгып кетишти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG