Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:45

Ирандагы толкундоолордо 60ка жакын киши өлгөнү кабарланды


Тегерандагы нааразылык акциясы.
Тегерандагы нааразылык акциясы.

Иранда студент кыздын өлүмүнө байланыштуу тутанган элдик толкундоолордо кеминде 57 киши өлгөнүн өлкөдөгү Адам укуктары уюму билдирди.

Уюмдун 25-сентябрдагы маалыматына караганда, Иранда интернет чектелгендиктен каза болгондордун санын так аныктоо мүмкүн эмес.

Расмий маалыматтарга караганда, демонстранттар жана күч түзүмдөрүнүн кагылышуусунан 41 киши каза болду.

22 жаштагы Махса Амини аттуу студенттин өлүмүнө байланышуу тутанган башаламандыктар он күндөн бери уланып келет.

13-сентябрда Тегеранда адеп-ахлак полициясы аны көчөдө хижабсыз жүргөнү үчүн деген негизде кармап кеткен. Амининин абакта каза болгону 16-сентябрда кабарланган. Полиция ал жүрөгү кармап көз жумганын маалымдаган, бирок күбөлөр анын катуу сабалганын айтып беришкен.

Амини туулуп-өскөн Курдистан провинциясында башталган толкундоолор ондогон шаарга жайылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG