Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:50

"Бүтүн Кыргызстандын" мүчөсү суракка чакырылганын кабарлады


"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү, ушул партиянын тизмесинде 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо депутаттыкка талапкер болгон Акыл Айтбаев Ички иштер министрлигине (ИИМ) суракка чакырылганын кабарлады.

Бул тууралуу өзү "Азаттыкка" маалымат берип, 28-сентябрда саат 16:00дө милициядан чакыруу алганын билдирди. Анын айтымында, чакыруу жиберген тергөөчү анын Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу социалдык тармактарга жазган билдирүүлөрүнө байланыштуу сурак бериши керектигин айткан.

ИИМдин басма сөз кызматы бул чакыруунун чоо-жайы маалыматтар такталгандан кийин комментарий берилерин билдирди.

26-сентябрда Бишкекте Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасына байланыштуу жаңы келишимдин долбоорун баштоо тууралуу келишимге кол коюлган. Ошондон кийин коомчулук арасында Кемпир-Абад суу сактагычы "кошуна өлкөгө өтүшү мүмкүн" деген түкшүмөл ойлор көбөйүп, Акыл Айтбаев да Фейсбукка пост жазып, башкаларды "жерди сактап калууга" үндөгөн.

2021-жылдын 24-25-мартында Ташкентте чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссиясынын жыйыны өткөн, ага Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев катышкан.

26-мартта Ташиев Бишкекте маалымат жыйын куруп, Кыргызстан менен Өзбекстан Кемпир-Абад суу сактагычынын (Өзбекстандагы аталышы – Анжиян суу сактагычы) плотинасын Өзбекстандын территориясы деп калтырып, анын суу ресурстарын чогуу пайдаланууну макулдашканын билдирген. Ал кыргызстандыктар Кемпир-Абаддын суусунан толук пайдалана аларын белгилеген жана чек арада жер берүү деген эми болбой турганын, алмашуу гана болорун белгилеген.

27-мартта президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасы боюнча соңку кадамдарды тарыхый мааниге ээ деп эсептей турганын айткан.

Бийликтин бул билдирүүлөрүнөн кийин бир катар нааразылык акциялары өткөн. Ошол эле жылдын 25-апрелинде Камчыбек Ташиев Өзгөндө эл менен жолугушканда Кемпир-Абад суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жер Өзбекстанга берилбей турганын айтып, "Элдин талабы - биз үчүн эң жогорку талап. Кемпир-Абадды бербейбиз дедиңерби, бербейбиз. Аны азыркы бойдон калтырабыз. Өзбекстанга өткөрүп бербейбиз", - деген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG