Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:35

Баткенде жаңылана турган имараттардын 22синин чыгымы эсептелди


Баткен. Ак-Сай айылы. Иллюстрациялык сүрөт.
Баткен. Ак-Сай айылы. Иллюстрациялык сүрөт.

Баткенде чек арадагы соңку каргашада талкаланган социалдык-маданий мекемелердин 17сине капиталдык ремонт талап кылынары эсептелип чыкты. Бул тууралуу 29-сентябрда Баткендеги окуяга байланыштуу ачылган медиаштаб кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, дагы беш социалдык объект кайра башынан курулушу керек болот.

Оңдолуп, курула турган объектилердин долбоорлоо-каржылоо документтерин даярдоо үчүн бул күндөрү Баткенде Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттиктин адистери иштеп жатат.

Жергиликтүү Жарандык коргонуу комиссиялары Баткен жана Лейлек райондорунда жалпы 622 үй жабыркаган болсо, анын 427си жашоого жараксыз, 195и оңдоп-түзөөгө муктаж экенин аныктады. Ошондой эле 11 административдик объект, сегиз мектеп, жети бала бакча, үч ФАП, 323 сарай, 197 жашоо-тиричилик камсыздоочу объект талкаланып, өрттөлгөн. Ак-Суу дарыясындагы узундугу 36 метрлик көпүрө жардырылып, 27 автоунаа өрттөлгөн же талкаланган.

14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү да ушундай эле айып койгон.

Кыргызстан кол салуудан бери дегенде 62 жаранынан айрылды, алардын кырктан ашууну аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашып, алардын көбү айылдарына кайта баштады.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирген. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 74 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазган.

Бул маалыматты башка көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG