Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:40

Кыргызстандык балбан Дархан Эргешов жиу-житсу боюнча Азия чемпиону болду


Дархан Эргешов.
Дархан Эргешов.

2-3-октябрда Бириккен Араб Эмираттарында жиу-житсу боюнча Азия чемпионаты өтүп, анда кыргызстандык Дархан Эргешов көк кур категориясында 77 килограммга чейинки салмакта күрөштү.

Кыргыз балбаны алгач кувейттик, анголалык, ооганстандык жана сальвадордук атаандаштарын жеңип, финалга чыккан. Чечүүчү беттеште ирактык Ахмед Аланини 2:0 эсебинде жеңип, Азия чемпиону болду.

Абу-Даби шаарында өткөн жиу-житсу боюнча Азия чемпионатына 15тен ашык өлкөдөн 2000ден ашуун спортчулар катышты. Ага Кыргызстандан жалгыз спортчу - Дархан Эргешов катталган. Мелдештер 30 жашка чейинкилер жана андан жогору жаштагы спортчулар арасында өттү.

Дархан Эргешов 29 жашта. Ал таймаштын аралаш түрлөрү (ММА) боюнча да мелдештерге катышып келет. (GT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG