Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:34

Иманкулов: Жапаров Путинге кыргыз-тажик чек ара маселесин чечүүдө ортомчу болууну сунуштады


Садыр Жапаров жана Владимир Путин. 2022-жылдын 13-октябры. Астана шаары.
Садыр Жапаров жана Владимир Путин. 2022-жылдын 13-октябры. Астана шаары.

Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын тактап алыш үчүн Орусияга ортомчулук сурап кайрылганын, орус тарап Советтер Союзунан бери сакталып турган архивдик документтерди изилдеп чыкмай болгонун жана орус президенти Владимир Путин сунушту кабыл алганын 17-октябрда “Биринчи радионун” эфиринде Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов билдирди.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаров мындай өтүнүч менен орус президенти Владимир Путинге Астанада тажик президенти Эмомали Рахмон үчөө өткөргөн жолугушууда айтты:

“Ал жерде ачык сүйлөшүү болду. Биздин президент өз көз карашын билдирип, чек ара маселеси тынчтык жана сүйлөшүү жолу менен чечилиши керек экенин, биз бул принциптен эч качан тайбаганыбызды жана мындан ары да ошону карманарыбызды айтып, чек арадагы чечиле элек маселелерди чырга же агрессияга айландырууну токтотуш керектигин белгиледи. Ошондой эле ал Орусиянын президенти Путинге чек ара маселесин жөнгө салууда ортомчу болушун айтып кайрылды. Себеби маселе аябай тереңдеп кетти”.

Иманкулов билдиргендей, Орусия колундагы архивдик документтерди карап бермей болду:

“Биз баарыбыз бир өлкөдө – Советтер Союзунда жашаганбыз. СССРдин мураскери катары Орусиянын борборундагы архивдик мекемелерде административдик чек аралар боюнча көптөгөн документтер, карталар сакталып калган. Путин бул сунушту кабыл алды. Алар баарын изилдеп чыкмай болушту. Маселенин, талаштын өзөгү эмнеде болуп жатканын жөнөткүлө деп суранышты. Алар архивдик документтерди көтөрүп чыгып, бул маселени тынч жол менен чечип алышыбызга жардам бермей болушту”.

Өткөн аптада Казакстандын Астана шаарында 20дан ашуун өлкө лидери чогулуп, бир нече эл аралык жыйындар өттү. Ошондой эле Кыргызстандын, Орусиянын, Тажикстандын президенттери Садыр Жапаров, Владимир Путин жана Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу болду.

Анда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал жабык талкууланды. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG