Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:05

АКШнын аскердик делегациясы Баткенге барды


АКШнын аскердик делегациясы Баткенде.
АКШнын аскердик делегациясы Баткенде.

Бул күндөрү Кыргызстанда АКШнын аскердик делегациясы иш сапар менен жүрөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы 17-октябрда билдиргендей, делегация Баткенге барып, куткаруучулардын жергиликтүү элди эвакуациялоо, гуманитардык жардам жеткирүү, кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги соңку окуядан улам талкаланган жана өрттөлгөн үйлөрдү, мекемелердин имараттарын тазалоо иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат алышты.

“Андан соң америкалык делегация менен пикир алышуу, эки тараптуу кызматташтыкты илгерилетүү жаатында сөз болду. Алар министрликтин карамагындагы техникалык каражаттар, куткаруу шаймандары менен таанышты”, - деп билдирди ӨКМ.

АКШнын Борбордук командачылыгынын ресурстар жана анализ боюнча директору Роберт Унгер баштаган делегациянын курамында беш кызматкер бар.

Быйыл 16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү кайра Бишкекти күнөөлөгөн.

Кыргызстан бери дегенде 63 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жаракат алганын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 81 кишинин тизмесин жарыялады.(RK)

XS
SM
MD
LG