Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:38

Аба ырайы: жамгыр жаайт


Кыргызстан, Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстан, Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

19-октябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаайт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 9…14;

Талас жергесинде түнкүсүн 0...5, күндүз 8…13;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 8…13, күндүз 10…15;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз 9...14;

Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 5…10;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -5...-10, күндүз -3...+2.

Бишкекте маал-маалы менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6, күндүз 11…13 градус болот.

XS
SM
MD
LG