Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

Жарандык активист Тилекмат Куренов өлкөдөн чыгып кеткенин билдирди


Тилекмат Кудайберген уулу (Куренов)
Тилекмат Кудайберген уулу (Куренов)

"Кемпир-Абадды коргоо" комитетинин мүчөсү, активист Тилекмат Кудайберген уулу (Куренов) Кыргызстандан убактылуу чыгып кеткенин өзү "Азаттыкка" кабарлады. Анын айтымында, 23-октябрга караган түнү өлкөдөн чыгып кеткен жана жапырт кармоолор тууралуу уккандан кийин азырынча келбей турууну чечкен. Активист Фейсбуктагы баракчасына Вильнюска жеткенин жазды.

Тилекмат Кудайберген укук коргоо кызматкерлерине видеокайрылуу жасап, элдин коопсуздугун, мамлекеттин бүтүндүгүн бузуу максатында мыйзамсыз аракеттерге барбоого чакырды.

Бийликти сындап келген активистти Бишкектин Свердлов райондук соту былтыр 1,5 жылга абакка кескен. Сот аны Жазык кодексинин 310-беренесинин (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) 2-бөлүмүнүн 1-пункту, 192-беренесинин (Шайлоочуларды сатып алуу) 2-бөлүмү менен күнөөлүү деп тапкан. Чүйдүн Молдовановка айылындагы 27-түзөтүү колониясынан 17-сентябрда жаза мөөнөтүн өтөп бүтүп, эркиндикке чыккан.

Тилекмат Кудайберген уулу өзүнө тагылган айыпты моюнуна алган эмес. Ал Нарындагы Жетим-Тоону иштетүүгө жана 2021-жылдагы Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы акцияларды уюштуруп жүргөн.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камакка алынган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүүдө.

24-октябрда Бишкекте жүздөгөн жаран жүрүшкө чыгып, камалгандарды бошотуу талабы менен президент Жапаровго кайрылуу жолдошту. Ошто да ондон ашуун активисттин катышуусунда ушундай митинг болду.

Камакка алынгандар "Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга берилип жатат" деп бийликти сындап келатышкан.

2022-жылдын 17-ноябрында Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө келишимди ратификациялаган. Эки өлкөнүн президенттери келишимше ошол эле жылдын 29-30-ноябрларында кол коюшкан.

Кемпир-Абад суу сактагычы турган 4485 гектар жер келишимдин негизинде Өзбекстанга өткөн. Кыргыз бийлиги коңшу өлкөдөн 19 миң гектардан ашуун жер алганын айткан.(ZKo\SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG