Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:36

Пакистандын бийлигин сындаган журналист Кенияда каза болду


Аршад Шариф
Аршад Шариф

Пакистандык белгилүү журналист, өз өлкөсүнөн качып кеткен Аршад Шарифти 24-октябрда Кенияда ок атуудан улам каза болду. Бул тууралуу анын жубайы Жаверия Сиддик Твиттердеги баракчасында кабарлады.

49 жаштагы журналист Пакистандын азыркы өкмөтүн жана аскердик жетекчилигин ачык сындап келген. Ал ошондой эле быйыл жыл башында кызматтан алынган премьер-министр Имран Хандын тарапкери болгон.

Маалыматты Пакистандын Тышкы иштер министрлиги ырастады.

Кылмыштын деталдары тууралуу расмий комментарийлер жарык көрө элек. Кениялык The Star басылмасы жергиликтүү полицияга шилтеме келтирүү менен “жаңылыштык болушу ыктымал” деп жазды. Баштапкы маалыматтарга ылайык, полицияга жаш бала барымтага алынган автоунааны кармоо буйругу берилген. Журналист бараткан машине ошого окшош болгондуктан, полиция кызматкерлери аны атып салган болушу мүмкүн.

Августта Пакистандын ARY каналы Аршад Шарифтин оппозициялык саясатчы менен менен жарыялаган. Андан соң телеканалдын эфири кыска убакытка өчүрүлүп, Шарифти камоого тапшырма берилгенден кийин ал өлкөдөн чыгып кеткен.

Пакистандын президенти Ариф Алви, премьер-министри Шехбаз Шариф жана башка аткаминерлер журналисттин өлүмүнө байланыштуу анын үй-бүлөсүнө көңүл айтышты. Экс-премьер-министр Имран Хан Шарифтин өлүмү үчүн азыркы бийликти айыптап, аны тыкыр иликтөөгө алууга чакырды. (ErN)

XS
SM
MD
LG