Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:42

Мамбетжунус Абыловго кылмыш иш козголуп, үйү тинтүүгө алынганы кабарланды


Мамбетжунус Абылов
Мамбетжунус Абылов

"Кемпир-Абадды коргоо" комитетинин мүчөсү жана уюштуруучусу Мамбетжунус Абыловго карата кылмыш иши козголуп, үйү тинтүүгө алынганын укук коргоочу Азиза Абдирасулова Фейсбуктагы баракчасы аркылуу кабарлады. Бул маалыматты ал Абыловдун аялы Дамира Ахматбекованын айткандарына таянып жазган.

Анын маалыматына караганда, кылмыш иши 26-октябрда козголгон. Үй-жайы тинтилип, эки дискти алып кетишкен жана видеого тартууга уруксат беришкен эмес. Ахматбекова кылмыш иши козголгону боюнча протоколдун көчүрмөсүн берилбегенин, тинтүү тууралуу протоколду таштап кетишкенин айткан. Мамбетжунус Абылов өзү үйдө жок болгон.

Мурдагы элчи жана экс-министр Мамбетжунус Абылов 25-октябрда маалымат жыйын өткөрүп, "Кемпир-Абадды коргоо" комитетинин бийликти алмаштыруу ниети болбогонун айткан. Бишкекте 22-октябрда өткөн жыйында Кемпир-Абад боюнча Өзгөндө өткөн курултайдын чечими талкууланганын белгилеген.

Абылов боюнча маалыматты Ички иштер министрлигинен тактоого мүмкүн болгон жок. "Азаттыктын" суроосуна ИИМ жооп бере элек.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, кийин соттун чечими менен дээрлик бардыгы эки айга камалган. Алардын арасында активист Атай Бейшембек комитетке мүчө эмес экенин жана алардын жыйынына катышпаганын сотто билдирди. Камалгандардын көбү акыркы күндөрү "Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы" болуп келген.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

Кармалгандар башаламандык уюштурууга камынганы тууралуу аудио интернетке тараган. "Азаттык" бул аудиотасманын чын-төгүнүн азырынча тастыктай алган жок. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG