Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:51

Кыргызстанга келген орус жарандарынын агымы азайды


"Манас" аэропорту. Иллюстрациялык сүрөт.
"Манас" аэропорту. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын жарандарынын Кыргызстанга агымы азайганын Чек ара кызматы билдирди.

31-октябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинде депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып мекеменин өкүлү Нурланбек Жалбиев Орусиядан келгендердин агымы азайып, мурдагы калыбына келип калганын, алардын саны мобилизация жарыяланган 21-сентябрдан тартып октябрдын ортосуна чейин адаттагыдан көп болгонун маалымдады.

Анын айтымында, кээ бир орусиялыктар Кыргызстан аркылуу башка өлкөлөргө чыгып кетишти.

Орусиялыктардын көп келиши менен өткөн айларда Кыргызстанда үйлөрдүн ижара акысы жогорулап, айрым тейлөө кызматтары кескин кымбаттап кеткен.

Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, быйыл 9 айда Кыргызстанга Орусиядан 479 миң жаран келген. Ал эми Санарип министрлиги ушул эле 9 ай аралыгында 192 миң орусиялык келгенин билдирген. Мобилизация аяктаганын Орусиянын Коргоо министрлиги 28-октябрда жарыялады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG