Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:01

БУУ: Орусиянын кол салуусунан улам 14 миллион украиналык жер которду


Украинанын талкаланган аймактарындагы калкты ташып чыгып бараткан автобустар. Иллюстрациялык сүрөт.
Украинанын талкаланган аймактарындагы калкты ташып чыгып бараткан автобустар. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Украинага кол салуусунан улам 14 миллиондон ашык украин жараны өз үйлөрүн таштап, жер которууга аргасыз болду. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындардын иштери боюнча башкы комиссары Филиппо Гранди уюмдун Коопсуздук кеңешинде билдирди.

Анын айтымында, бул соңку он жылдыктагы “эң тез жана эң ири жер которуу” учуру болуп калды. Үйүн таштап кеткендердин ичинен 8 миллиондой адам өлкө ичинде орун которсо, 6-7 миллиондой киши чет өлкөлөргө чыгып кетишти.

Филиппо Гранди белгилегендей, мунун натыйжасында дүйнөдөгү качкындардын саны 103 миллиондон ашты.

Башкы комиссар украиналыктар “бул кышты өтө катаал жана оор шартта өткөргөнү” жатканын белгилеп, “гуманитардык жардамдар океандагы тамчы сыяктуу болуп калганын” айтты. Ал гуманитардык уюмдар аракеттерин активдештиргенин кошумчалап, “бирок баарынан да бул маанисиз согуштун өзүн токтотууга көбүрөөк аракет кылыш керектигин” кеп кылды.

Орусия Украинага быйыл 24-февралда кол салган. Москва өз максатын башында “Украинаны денацификациялоо жана демилитаризациялоо” деп атаган. Кийинки убактарда "Донбасстагы орус тилдүү калкты коргоо" деген гана жүйө көбүрөөк айтылып жатат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG