Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:20

Оператор Калыс Ашырбаев 20-ноябрга чейин камалды


Калыс Ашырбаев сот залында. 5-ноябрь, 2022-жыл.
Калыс Ашырбаев сот залында. 5-ноябрь, 2022-жыл.

Кылмыш-жаза кодексинин “Опузалап талап кылуу” беренеси менен шек саналып кармалган оператор Калыс Ашырбаев 20-ноябрга чейин камакка алынды. Мындай чечимди 5-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарганын сотко катышкан укук коргоочу Азиза Абдирасулова билдирди.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) 2016-2017-жылдары соцтармактарда жарыяланган аудиожазууларды шантаж кылып таратып, Жогорку Кеңештин депутаттарынан акча талап кылган адамдар кармалганын маалымдаган. Министрликтин маалыматына караганда, алар 3-ноябрда 2000 доллар алып жаткан тапта колго түшкөн.

Бул иш боюнча Mir24.kg порталынын директору Санрабия Сатыбалдиева жана ушул эле медианын оператору Калыс Ашырбаев кармалган.

Кош бойлуу журналист Санрабия Сатыбалдиева 4-ноябрда тергөөчүнүн “эч жакка кетпөө” тууралуу токтомунун негизинде бошотулду. Ал жаз айынан бери Бишкекте жашап жаткан, ага чейин Жалал-Абад шаарында “Аймак”, “Взгляд” гезиттеринде жана жеке менчик “Чолпон ТВ” телеканалдарында кабарчы болуп иштеген. Социалдык тармактарда бийлик өкүлдөрүн сындаган билдирүүлөрдү жазып жүргөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG