Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:57

Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 7-ноябрда Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17,

Талас жергесинде түнкүсүн -1…+4, күндүз 10…15,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 2…7, күндүз 10…15,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0…5, күндүз 8…13,

Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 8…13,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -10…-15, күндүз -4…+1.

Бишкекте күндүн экинчи жарымында жаан жаайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 1…3°, күндүзгү жогорку температурасы 15…17° болот.

XS
SM
MD
LG