Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:38

Камактагы Нурлан Асанбеков ачкачылык кармоону улантууда


Нурлан Асанбеков.
Нурлан Асанбеков.

“Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деген шек менен камакка алынгандардын бири Нурлан Асанбеков ачкачылыгын токтото элек. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын адвокаты Алия Сагитова билдирди.

“Мен Нурлан Асанбеков менен 4-ноябрда жолугуп чыккам. Ал 1-ноябрдан тарта эле эч нерсе ичип-жебей баштаптыр. 3-ноябрда убактылуу кармоочу жайдын кызматкерлери мага чалып, Нурлан Асанбеков мени менен жолуктурууну суранып жатканын айтышты. Мен барганымда ал 1-ноябрдан тарта эле ачкачылыкты баштаганын, бирок бул тууралуу кимге маалымат берерин билбей койгонун айтты. 4-ноябрда ачкачылык жарыялаганы боюнча арыз алып, аны тергөө абагына бердик. Ал ачкылыгын токтоткону тууралуу маалымат жок. Дагы деле улантып жатат”.

Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалып турган Нурлан Асанбеков менен 4-ноябрда Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков жолугуп чыккан. Ал Асанбеков ачкачылык жарыялаганын ырастады.

Бийлик жана тиешелүү укук коргоо органдары бул тууралуу маалымат бере элек.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова Нурлан Асанбековдун үйүндө жашы жете элек эки кызы, оорукчан апасы бар экенин айтып, үй-бүлөнү баккан жалгыз адам болгондуктан аны үй камагына чыгаруу керектигин билдирди.

Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берүүгө каршы чыккан жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчылар жана активисттер 23-24-октябрда жапырт кармалып, калайман башаламандык уюштурууга даярданган деген шек менен эки айга камакка алынган. Ички иштер министрлиги (ИИМ) ишти Кылмыш кодексинин “Массалык башаламандык уюштурууга даярдык” беренеси менен тергеп жатат. Ушул берене менен камалгандардын саны 26га жетти. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG