Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:57

Түркмөн бийлигин сындаган активист Стамбулда кармалды


Нурберды Базаров
Нурберды Базаров

Түркмөнстандын бийлигин кескин сынга алганы менен таанылган түркмөн активисти Нурберды Базаров Түркиянын Стамбул шаарында кармалды.

Бул тууралуу Түркияда жашаган башка бир түркмөнстандык активист Нурмухаммет Аннаев “Азаттыктын” түркмөн кызматына билдирди.

Түрк бийлиги жакын арада Нурберды Базаровду Ашхабадга депортация кылышы мүмкүн. Ал азыр Стамбулдун жакасындагы Тузла шаарындагы депортация борборунда кармалып турат.

Активист Нурмухаммет Аннаевдин пикиринде Базаровду түрк бийлиги түркмөн бийлигинин өтүнүчү менен кармашы мүмкүн. Эгер ал Ашхабадга жөнөтүлсө, активист камакка алынып, кыйноого алынышы ыктымал.

Нурберды Базаровду Түркмөнстандын мурдагы президенти Гурбангулы Бердымухамедовду жана анын уулу, азыркы президент Сердар Бердымухамедовдун саясатын кескин сынга алып келген.

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму Түркияда жүргөн түркмөн активисттерине жана алардын Түркмөнстандагы жакындарына басым күчөп жатканын эскертип келет. Уюм расмий Ашхабад өкмөттү сынга алгандардын баарына куугунтук жасап жатканын билдирүүдө.

Сентябрда Түркия Түркмөнстандын бийлигинин өтүнүчү менен түркмөн жарандарына визасыз режимди жойгон. Көпчүлүк уюмдар бул кадамды Түркияда жашаган түркмөн укук коргоочуларын мекенине кайтарып, камакка алуу чарасы катары баалашкан. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG