Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

ФИФА Орусия менен Украинаны дүйнө чемпионаты маалында ок атууну токтотууга чакырды


Футбол боюнча Эл аралык федерациянын (ФИФА) төрагасы Жанни Инфантино Орусия менен Украинаны дүйнө чемпионаты маалында бир айга ок атууну токтотууга чакырды. Индонезияда чогулган Чоң жыйырманын лидерлерине кайрылган Инфантино дүйнө биринчилиги тынчтык жана биримдик үчүн “уникалдуу платформа” болуп бере аларын, себеби мелдешке 5 миллиарддай киши көз саларын белгиледи. Алтернатива катары төрага диалогдун жанданышына алып келчү кадам жасоого, мисалы гуманитардык коридорлорду ачууну сунуш кылды.

“Дүйнө лидерлери катары тарыхтын нугуна таасир этүүгө кудуреттүүсүңөр”, - деп кайрылды Инфантино.

Ушул жекшембиде Катарда футбол боюнча дүйнө чемпионаты башталат. Өлкөдөгү адам укуктарынын абалы, өзгөчө стандиондорду курган жумушчулар туш болгон адилетсиз мамиле көп сынга кабылып келатат.

Ал арада Эл аралык Олимпиада комитетинин жетекчиси Томас Бах өкмөттөрдү атлеттерди эл аралык жарыштарга саясий байланыштары эмес, спорттогу жетишкендиктерине карап жөнөтүүгө чакырды.

Бир катар эл аралык спорт уюмдары Украинага басып киргендиги үчүн Орусияга жана спортчуларына санкция салган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG