Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:47

Бишкек мэриясы гараждар турган жердин ээси экенин эскертти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте гараж кооперативдеринин менчик укуктарын иретке келтирүү иши башталганын бүгүн 16-ноябрда мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, 100-1500 машиналык орунга эсептелген жер тилкелерин ээлеп турган кооперативдердин ал жерге менчик укугу жок, алар муниципалдык жерди пайдаланып турганы үчүн ижара акысын төлөбөйт.

Кыргызстандын “Жер кодексине” ылайык жеке же мамлекеттик менчик катары расмий катталбаган жер тилкелеринин баары муниципалдык менчик болуп эсептелерин эскерткен мэрия кооператив ээлерин Бишкектин токтотмолор ишканасы менен жеке же жамааттык келишимин түзүүгө чакырып кайрылды.

Бишкектин чет жакасындагы гараждар Совет учурунда курулган. Быйыл жазында 11-кичи райондогу ири гаражды мэрия бузуп, жерди бошоткон. Гараж ээлери мэрия мыйзам бузуп жатканын айтып, нааразылыгын билдиришкен. Ал жерге эмне курулары азырынча расмий айтыла элек. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG