Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:23

Токтогул суу сактагычында 13,1 млрд куб метр суу бар


Токтогул суу сактагычы.
Токтогул суу сактагычы.

18-ноябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 13 млрд 135 млн куб метрди түздү. "Электр станциялары" мамлекеттик ишканасы билдиргендей, учурда суу сактагычка секундуна 188 куб метр суу агып кирип, 566 куб метр агып чыгууда.

Былтыр ушул күнү суу сактагычта 11,4 млрд куб метр суу болгон.

Энергетика министрлиги Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан улам Кыргызстан быйыл да сырттан электр энергиясын импорттоого аргасыз болорун маалымдаган.

1975-жылдан тарта иштеп жаткан Токтогул ГЭСинин төрт агрегаты бир жылда 4,4 млрд кВт/саат электр энергиясын иштеп чыгат.

Суу сактагычтын көлөмү 19,5 млрд куб метр. Электр энергиясын чыгаруу үчүн кеминде 8,5 млрд куб метр суу болушу керек.

Быйыл жаз айларында Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 млрд куб метрге чейин азайган. Бул соңку жылдардагы ири энергетикалык кризис болду.

2008-2009-жылдары Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7-8 млрд куб метрге чейин азайып, өкмөт электр энергиясын чектеген. Күнүнө бир нече сааттап электр энергиясы берилбей калган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG