Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:32

CPJ Темировдун өлкөдөн чыгарылышын өч алуу катары баалады


“Журналисттерди коргоо комитети” (Committee to Protect Journalists - CPJ) эл аралык укук коргоо уюму иликтөөчү журналист Болот Темировдун Кыргызстандан күчтөп чыгарылышына байланыштуу билдирүү жасады. Анда "кыргыз бийлиги көз карандысыз журналисттерди жана агенттиктерди куугунтуктап, ишине тоскоолдук жаратууну токтотушу керектигин" эскерткен.

"Кыргызстандын жараны, Борбор Азиядагы коррупцияга каршы эң алдыңкы иликтөөчү журналисттин депортацияланышы - бул анын Орусияда мобилизация болуп жаткан маалда өмүрүн коркунучка кептеген, акылга сыйгыс, жоопкерчиликсиз жана өч алуу кадамы", - деди комитеттин Европа жана Борбор Азия боюнча координатору Гүлноза Саид.

Буга чейин АКШнын Мамдепартаменти да Темировдун депортацияланышын сындаган билдирүү тараткан.

Болот Темиров 23-ноябрдын кечинде Манас аба майданынан күч менен Бишкек-Москва каттамына отургузулган жана анын күч түзүмдөрүнүн эки кызматкери коштоп кеткени белгилүү болгон. Анын алдында Бишкек шаардык соту Темировду өлкөдөн чыгаруу тууралуу чечим чыгарып, аны ошол жерден күч кызматкерлери мажбурлап алып кеткен. Иликтөөчү сот өкүмүн бийликтин өч алуу аракети катары баалап, ал Кыргызстандын жараны экенин, шаардык сот мыйзамсыз чечим чыгарганын айткан.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев парламенттин 24-ноябрдагы жыйынында Темировдун өлкөдөн чыгарылышы боюнча чечимди сот чыгарганын, ага чейин ИИМ тергөө иштерин жүргүзүп, прокуратура дагы бекиткенин билдирди. Бул ишке өзүнүн жана УКМКнын тиешеси жоктугун айтты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG