Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:01

Элдик курултайга Кемел Ашыралиев убактылуу төрага болду


Бишкекте элдик курултай өтүп жатат. 25-ноябрь, 2022-жыл. Видеодон алынган скриншот.
Бишкекте элдик курултай өтүп жатат. 25-ноябрь, 2022-жыл. Видеодон алынган скриншот.

Бишкекте 25-ноябрда башталган эки күндүк элдик курултайда делегаттардын эң улуусу, коомдук ишмер Кемел Ашыралиев анын убактылуу төрагасы болуп дайындалды. Ал курултайдын төрагасы жана анын орун басарлары шайланганга чейин жыйынды алып барат. Иш-чара башталганда эсептөө комиссиясынын курамы менен төрагасы шайланды. Учурда аксакалдар кеңешинин курамы бекип, анын башчысын дайындоо башталды.

Президент Садыр Жапаров 16-августта "Элдик курултайды чакыруу жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Ал ошол күнү Фейсбуктагы баракчасы аркылуу “бийликтин бардык бутактары элге отчет берерин жана бийлик делегат тандоого кийлигишпесин” билдирген.

Элдик курултай институту былтыр 5-майдан тартып күчүнө кирген Конституцияда жазылган. Ага ылайык, ушул жылдын 1-сентябрына чейин атайын мыйзам кабыл алынып, курултай жыл аягына чейин жыйынга чогулушу керек. Бирок ал мыйзам убагында кабыл алынбай калган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG