Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:51

Азиза Абдирасуловага айыппул салынды


Азиза Абдирасулова сот залында. 2022-жылдын 25-ноябры.
Азиза Абдирасулова сот залында. 2022-жылдын 25-ноябры.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту бүгүн 25-ноябрда укук коргоочу Азиза Абдирасулованы айыптуу деп таап, ага 3 миң сом айыппул салды.

Бүгүнкү отурумда Абдирасулованы кармап кеткен милиционерлер жана укук коргоочу өзү көрсөтмө беришти.

Милиционерлер окуя болгон учурда өзүлөрүнүн кызматтык милдетин мыйзам чегинде аткарганын, эреже бузбаганын айтышты.

Абдирасулова аны кармап кетүүгө негиз болбогонун билдирип, бул окуяны саясий куугунтук жана буюртма деп атады. Куугунтуктун себебин ал Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп кетишине нааразы болгондордун таламын талашканы менен байланыштырды.

15-ноябрда Жогорку Кеңештин имаратынын жанында бийликтин Кемпир-Абад боюнча чечимине нааразылар топтолуп турган. Ал жерге укук коргоочу катары байкоо салуу үчүн барганын атйкан Абдирасулованы милиция кызматкерлери күчтөп алып кетип жатышкан видео интернетте тараган.

Укук коргоочу менен кошо кармалган активист Сапар Аргымбаев экөөнө милиция бөлүмүндө Укук бузуулар кодексинин 128-беренеси (“Милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө”) менен протокол толтурулган.

14-ноябрда парламенттин президент катышкан жыйынында депутат Аида Исатбек кызы мамлекет башчы Садыр Жапаровго кайрылып, бийликке сын айткан аялдарга күч кызматкерлеринин мамилесине көңүл бурууну суранган. Эл өкүлүнүн өтүнүчүнө президент Жапаров “мыйзам баарына бирдей” деп жооп кайтарган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG