Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

Нарынга логистикалык борбор курууга инвестор чыкпай жатканы белгилүү болду


Садыр Жапаров былтыр жайында Ат-Башы районунун тургундары менен жолуккан.
Садыр Жапаров былтыр жайында Ат-Башы районунун тургундары менен жолуккан.

Президент Садыр Жапаров элдик курултайда делегаттар айткан маселелерге жооп берип жатып, Нарынга логистикалык борбор куруу маселесине токтолду. Ал бир жылдан ашык убактан бери аны салууга инвестор чыкпай жатканын маалымдады.

"Былтыр Ат-Башыга барып, эл менен жолуктум. Мен камакта жатканда бул жерге логистикалык борбор салалы десе элдер ызылдап, салдырбай койгон эле. Мен кийин изилдесем, ал 100% пайдасы бизге тийген борбор экен. Ошол жерден жадагалса электромобилдерди чыгармак экенбиз. Элге түшүндүргөндөн кийин "болду, салдыр, инвестор алып кел" дешти. Бүгүнкү күнгө чейин инвестор келбей койду, "Чакырганга келбеген, ымдаганга зар болот" болдук . "Алар "элиңер иштетпейт экен, кийин банкрот болуп калам" деп келишпейт экен. Муну ошол убактагы бийлик элге туура түшүндүрүп жеткире алган эмес",-деди президент.

Садыр Жапаров былтыр жайында Ат-Башы районунун тургундары менен жолугуп, бул аймакка соода-логистикалык борбор куруу боюнча долбоорду талкуулаган. Анын басма сөз кызматы президент бул облустун экономикасынын кыймылдаткычы боло турган маанилүү долбоор экенин айтканын билдирген.

Ат-Башыга соода-логистикалык борбор куруу буга чейин эле пландаштырылган. Курулуштун пайдубалын түптөө иш-чарасы 2019-жылдын аягында болуп, ага ошол кездеги премьер-министр Мукаммедкалый Абылгазиев катышкан. Кийин жергиликтүү эл долбоорго каршы чыгып, митингдерди өткөрүп, өкмөт логистикалык борборду куруудан баш тартууга аргасыз болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG