Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:27

Украинада 6 миллиондон ашуун үй-бүлө жарыксыз калды


Темир жол станциясына чогулган эл электрондук шаймандарын кубаттап, эвакуациялоочу поездди күтүп жатышат. Херсон шаары. 25-ноябрь, 2022-жыл.
Темир жол станциясына чогулган эл электрондук шаймандарын кубаттап, эвакуациялоочу поездди күтүп жатышат. Херсон шаары. 25-ноябрь, 2022-жыл.

25-ноябрда Орусиянын Украинанын инфраструктуралык объектилерин, суу жана жылуулук булактарын аткылоосунан улам 6 миллиондон ашуун үй-бүлө жарыксыз калды. Бул тууралуу украин президенти Владимир Зеленский 26-ноябрга караган түндөгү видео кайрылуусунда айтты.

“Бүгүн кечке карата көпчүлүк аймактарда жана Киевде өчүрүүлөр уланууда", деди ал.

Анын сөзүнө караганда аткылоодон Киевден тышкары Одесса, Львов, Винница жана Днепропетровск катуу жабыркап, жарыксыз калган.

Президент украиналык электриктер жарык берүүнү калыбына келтирип жатышканын билдирди.

Бул аралыкта Киев Орусия өлкөнүн чыгышындагы эл жашаган аймактарды тынымсыз аткылап жатканын маалымдады.

Улуттук электр тармактар компаниясы -"Укрэнерго" 25-ноябрда Телеграм каналы аркылуу өлкөдө электр энергиясы 30 пайызга жакын өчүрүлгөнүн кабарлады.

Маалыматта жабыркаган аймактарды "этап-этабы менен калыбына келтирүү" улантылып жатканы жана оңдоо топтору "күнү-түнү иштеп жатканы" айтылган. Мекеме элди энергияны "сарамжалдуу" керектөөгө да чакырууда.

Украинанын премьер-министри Денис Шмыгаль энергетиктердин эмгегин баалап, "Дүйнөнүн бир дагы өлкөсүндө ракеталык чабуулдун жети толкунунан кийин энергетика системасын ишке киргизүү боюнча мындай тажрыйба жок" деп айтты.

Бул аралыкта украин армиясынын Башкы штабы Харьков, Луганск, Донецк жана Запорожье аймактарында активдүү салгылашуулар жүрүп жатканын кабарлады. 25-ноябрдагы маалыматка ылайык, орус күчтөрү Кривой жана Херсон облустарын, анын ичинде Херсон шаарын тынымсыз аткылап жатат.

Украин аскерлери Орусиянын командалык пунктуна жана дагы ондогон буталарга, анын ичинде үч зениттик-ракеталык станциясына чабуул жасалганы кабарланды.

"Азаттык" радиосу катуу кармаш жүрүп жаткан аймактарда согуш талаасындагы дооматтарды өз алдынча текшере албайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG