Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:46

Садыр Жапаров президенттик башкаруудан кайтпасын айтты


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров курултайда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жылдыз Жолдошеванын башкаруу системасын өзгөртүү сунушуна жооп берди. Ал президенттик башкарууну туура деп эсептерин айтты.

"Биз парламенттик, президенттик-парламенттик башкарууну да көрдүк, мен экөөндө тең иштедим, жыргап кеткен жокпуз. Буга чейин үч баштуу бийлик болду. Эч бир маселе чечпей, бири-бирине шылтап отура берип, бир кагаз үч жылдап кабыл алынбаган учурлар болгон экен. Анткени жооп берип калбайын деп эле бири-бирине түртө берген. Азыр болсо президент менен өкмөттүн аппараты бириккен. Кээде токтомдор бир сааттын ичинде кабыл алынат. Азыр жол, мектеп салынып, армиябыздын күчтөнүп жатканынын пайдасы ошондон. Мурдагы президенттер деле жоопкерчиликти бир кишиге бергенде, аларга жоопкерчиликти толук мойнуна илип койсо, балким алар деле качпас беле. Жоопкерчилик менде болгондон кийин кээ бир маселелерде күнү-түнү уктабай чыгат экенсиң. Министрлерди дайындаганда ушул менин жүзүмдү кара кылбаса экен дейт экенсиң. Мунун жемишин буюрса жакынкы беш-алты жылда көрөсүздөр", - деди Жапаров.

Жылдыз Жолдошева курултайдын биринчи күнүндө президенттик башкаруудан баш тартып, президенттик-парламентик системага өтүүнү сунуштаган. Экс-депутат коррупция менен күрөшүүнү президенттин айланасынан баштоо керектигин билдирген.

"Бизде президенттик башкаруу болбойт. Анткени ким бийликке жетпесин ажыдарга айланат экен. Ошол себептүү президенттик-парламенттик башкарууга кайтуу керек. Анткени, Садыр Нургожоевич сизден кийин ким бийликке ким келет, өлкөнү кайда алып барат?", - деген экс-депутат.

2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда Кыргызстан 11 жылдык парламенттик-президенттик башкаруу формасынан президенттик башкарууга кайткан. Президент Садыр Жапаров Конституциянын жаңы редакциясына кол коюу аземинде өлкөдөгү ар бир тармак үчүн жоопкерчилик аларын жана ири өзгөрүүлөр болорун жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG