Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:05

Президент Жапаров-Ташиев тандемин сындаган делегат менен өзүнчө жолугат


Бишкектеги курултай, 25-ноябрь, 2022-жыл.
Бишкектеги курултай, 25-ноябрь, 2022-жыл.

Президет Садыр Жапаров курултайда мамлекет башчысы менен Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин байланышын сындаган Оштун Алай районунан келген делегат Алмаз Жоробаевди өзүнчө кабыл алууну убада кылды.

"Сиз "биринчи президент, экинчи Ташиев" дедиңиз. Биз эмне кылмыш кылып жатабыз? Кемчиликтерибизди ачык эле айтыңыз. Эмнеге жакшы көрбөй калдыңыз, эмнеге сүйбөй калдыңыз, ошону толуктап айтып кетпейсизби? Келиңиз, кабыл алам",-деди Жапаров.

Мунун алдында делегат Алмаз Жоробаев Жапаров-Ташиев тандемин сындап, мамлекет башчысын коомчулуктагы айрым сөздөргө көңүл бурууга чакырган.

"Садыр Нургожоевич, сиздин башында айткан "Мен Исхак Раззаковду кумир тутам" деген сөзүңүз бар. Ошол кумириңиздин, Раззаковдун басып өткөн жолун, өмүр баянын анча-мынча, күнүгө бир жолу эстеп коюңуз. Себеби бул жерде эл арасында "биринчи жана экинчи адам" деген сөз пайда болгон. Биринчиси - сиз, экинчиси - Ташиев. Ишенбесеңиз туугандардан сураңыздар. Бул жерде "биринчинин адамдары мындай кылат, экинчинин адамдары тигиндей кылат" деген сөздөр чыгып жатат. Эгер сиз элге кызмат кылып, Кыргызстанды өнүктүрөм десеңиз, ушул нерселерди жакшылап караңыз. Себеби сизди эл, анын ичинде мен дагы аябай жакшы көрөт элек. Бирок менин сүйүүм мурдагыга караганда кайтты. Болгон нерсени айталы", - деген делегат.

Өткөн айда Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде Ташиев менен мамилеси тууралуу суроого жооп берген. Анда УКМКнын төрагасы менен бийликте бирге болорун, аларды араздаштыргысы келген топтор бардыгын, экөөнүн ортосунда келишпестик жокутугун айткан.

"Биринчиден, экөөбүз эч качан урушпайбыз. Урушканга мен жол бербейм. Экинчиден, "бийлик талашып жатат" деген калп сөз. Мен кандай буйрук берсем, дал ошондой кыйшаюусуз аткарат. Анткени мен жеке кызыкчылыгым үчүн кандайдыр бир иш жөнүндө буйрук бербейм. Үчүнчүдөн, экөөбүздү уруштура албай эки жылдан бери түн уйкусу жок иштеп жаткан топтор бар. Баарын билебиз. Алар "Ташиев кадр чечип жатат. Ташиев президент болгусу келип жатат" дей беришсе эле мен аларга ишенип, кызганып Ташиевди кызматтан ала коймок белем. Мен бийликте канча олтурсам, Ташиев дагы ошончо олтурат. Эң негизгиси мамлекеттин, элдин кызыкчылыгына каршы келген иштерди жасабасак болду", - деген Жапаров.

Соңку кездери Камчыбек Ташиевдин айрым билдирүүлөрү, Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөздөрү жана аракеттери коомчулукта талкуу жаратып келет.

Парламенттин соңку жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева кыргыз-өзбек чек ара келишимине каршы добуш берген эл өкүлдөрүнө кысым, куугунтук башталганын билдирген жана буга байланыштуу Камчыбек Ташиевдин атын атаган. УКМКнын төрагасы ошол жерден дооматтарды четке каккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG