Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:17

Курултай аяктап, чечим менен резолюциясы кабыл алынды


Курултай Бишкекте 25-26-ноябрь күндөрү өттү.
Курултай Бишкекте 25-26-ноябрь күндөрү өттү.

Бишкектеги 26-ноябрда эки күндүк курултай жыйынтыкталып, анда чечим жана резолюция кабыл алынды.

Чечимде "президент Садыр Жапаровдун баяндамасы жактырылсын, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун баяндамалары эске алынсын",-деп жазылды.

Курултайдын экинчи күнүндө президент Садыр Жапаров делегаттарды мектеп жана бала бакча көйгөйүн көтөрбөөнү өтүндү. Анда аймактардан шайланып келген делегаттардын чыгып сүйлөөсү уланды. Ошондой эле ар бир облустан жана Бишкек менен Ош шаарынан, четтеги мигранттардын арасынан дайындалган негизги баяндамачылар чыгып сүйлөдү.

Элдик курултайга Кыргызстан боюнча 1072 делегат катышты жана анын ичинен 924ү эркектер, 148и аялдар түздү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG