Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:26

АКШнын Мамдепартаменти Финляндияга ракета сатууну колдоду


АКШнын аскердик техникалары. Иллюстрациялык сүрөт.
АКШнын аскердик техникалары. Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын Мамлекеттик департаменти Финляндияга ракеталарды жана авиациялык бомбаларды сатууну, ошондой эле 323,3 миллион долларлык окутуу боюнча кызмат көрсөтүү чечимин жактырды.

Сметага ылайык, Финляндия АКШдан 40 тактикалык ракеталарды жана аны башкаруучу 4 блок, 48 авиациялык бомбаларды, түрдүү машыктыруучу жабдууларды жана башка нерселерди сатып алат. Чечимди эми Конгресс жактырышы керек.

“АКШнын улуттук кызыкчылыктары үчүн Финляндиянын өнүгүүсүнө жардам берүү жана өзүн-өзү коргонуусуна көмөк көрсөтүү абдан маанилүү”, – деп айтылат Мамдепартаменттин билдирүүсүндө. Мындан сырткары Вашингтон Финляндияны “ишенимдүү өнөктөш” жана “Европадагы саясий туруктуулукта, экономикалык прогрессте маанилүү күч” деп эсептей турганы көрсөтүлгөн.

Орусиянын Украинага кол салуусунан кийин Финляндия коңшу Швеция менен чогуу нейтралдуу макамдан баш тартып, НАТОго кирүү чечимин кабыл алган. Түндүкатлантикалык бирикмеге жаңы өлкөлөрдү кабыл алууну уюмдагы 30 мамлекеттин бардыгы жактырышы керек. Ушуга чейин жаңы мүчөлөрдү киргизүүнү 28 мамлекет ратификациялады. Венгрия чечимге 2023-жылы кол коёт, Түркия айрым талаптары аткарылгандан кийин макул болорун билдирген.

Эки өлкөнүн НАТОго кошулушун комментарийлеп жатып орусиялык айрым аткаминерлер бул чечимдерди айыптай турганын, бирок андан олуттуу маселе көрбөй турганын айтышкан. Алар буга Орусиянын аталган мамлекеттер менен аймактык талашы жоктугун жүйө келтиришкен. Ошол эле маалда Москва Финляндия менен Швецияга НАТОнун инфратүзүмдөрү жайгаштырылса жооп чаралар болорун эскерткен. (ErN)

XS
SM
MD
LG