Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:58

“Дордой” менен “Кара-Сууну” өзгөчө салык зонасы деп жарыялоо сунушталууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Дордой” жана “Кара-Суу” базарларын өзгөчө салык зонасы деген режимде иштөөгө өткөрүү сунушталууда. Бул тууралуу бүгүн 29-ноябрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетинде маалымат берип жатып экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов билдирди.

Анын айтымында, аталган эки базар Кыргызстандагы ири стратегиялык объектилердин катарына кирет:

“Соода лицензиясы сыяктуу болот, бирок лицензия эмес, салык катары. Баасы патенттикиндей болбойт. Патенттин баасы орточо эсеп менен 2,5 миң сом болуп турат азыр. Андай баада эмес, көлөмүнө жараша – 1 миллион сомго чейин деген жылдык салык болот”.

Асылкулов кошумчалагандай, эгер чечим кабыл алынса, мындай режим “Дордой” жана “Кара-Суу” базарларына гана тиешелүү болот. Республиканын калган аймактарынын баарында кадимки бирдиктүү салык ставкалары колдонулат.

Маселе “Салык кодексине” жана салыкка байланыштуу башка бир катар мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү жараяны алкагында талкууланууда. (RK)

XS
SM
MD
LG