Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:22

Ош драма театрында аял укугуна арналган спектакль коюлат


Аял укугу тууралуу спектаклдин афишасы.
Аял укугу тууралуу спектаклдин афишасы.

Оштогу Улуттук кыргыз драма театрында аял укугуна арналган спектакль коюлат.

Театрдын жетекчиси Керимбек Калыкуловдун "Азаттыкка" маалымдашынча, "Аялдар баш калкалоочу жай" деп аталган спектаклди Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театры тартуулайт.

Спектакль Ошто 2-3-декабрда көрсөтүлөт.

"Аялдар баш калкалоочу жай" - түрк драматургу Тунжер Жүженоглунун пьесасынын негизинде коюлган.

Пьесада зордук-зомбулукка кабылган аялдардын окуялары, алардын коомдон өз ордун табуу үчүн күрөшү чагылдырылган.

Кыргызстанда 25-ноябрдан бери Кыргызстанда адам укуктарын коргоого арналган 16 күндүк өнөктүк өтүп жатат.

Ички иштер министрлигинин маалыматында 2021-жылы Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 10 151 факты катталган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG