Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:18

Насыянын айынан чет өлкөгө чыга албагандарга шарт түзүү сунушталды


"Манас" аэропорту.
"Манас" аэропорту.

Жогорку Кеңештин 1-декабрдагы жыйынында өлкөдөгү эл аралык аба майдандарга мамлекеттик төлөмдөрдү төлөө үчүн терминалдарды орнотуу сунушталды.

Депутат Сүйүн Өмүрзаков ар кандай насыясы бар жарандар чет өлкөгө чыга албай жатканын билдирди.

"Көп жарандар өзүнүн карызы бар экенин да билбей калып жатат. Автоунааны тилкат менен бирөөгө өткөрүп берип, карызы бар экенин учарда билип жатышат. Бул карыздар бир гана автоунаага эмес, светке жана башка кызматтарга тиешелүү. Ошого аэропортко терминалдарды орнотуп берсеңиздер", - деди Өмүрзаков.

"Азаттык" быйыл август айында насыянын айынан 180 миңден ашуун жарандын өлкөдөн чыгышына соттун чечими менен бөгөт коюлганы тууралуу макала даярдаган. Анда алардын көпчүлүгүн алган насыяларын кайтарбагандар, алимент төлөбөгөндөр, салык боюнча карызы барлар жана ар кандай айып пулдарын төлөбөй жүргөндөр түзөрү жазылган.

Чек ара кызматы жарандар карызы бар экенин жана бөгөт коюлганын Сот аткаруу департаментинин сайтынан жеке идентификациялык номур аркылуу текшерүүгө болорун түшүндүргөн.

Соттук карыздарды текшерүү тутумун Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин алдындагы "Адилет Сот" мекемеси иштеп чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG