Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:50

Баткен: Ак-Сайда социалдык шаарча пайдаланууга берилди


Ак-Сай айылындагы социалдык шаарча.
Ак-Сай айылындагы социалдык шаарча.

Баткен районунун Ак-Сай айылында 3-декабрда социалдык шаарча пайдаланууга берилип, муктаж 10 үй-бүлөгө турак жайлар тапшырылды. Бул тууралуу Баткен райондук администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Шаарчанын чыгымын толугу менен Бириккен Араб Эмираттарынын “Human Appiel International” гуманитардык уюму көтөрдү. Курулушу бир жыл мурун башталып, быйыл бүткөрүлгөн социалдык шаарчада 12 турак жай бар. Алардын ар бири төрт бөлмөдөн турат. Шаарчанын айланасына ФАП, бала бакча, тигүүчү цех жана мечит салынат.

Он үй башкалкасы жок, аз камсыз болгон балалуу аялдарга кайтарымсыз негизде берилди.

Буга чейин Жалал-Абад шаарында бахрейндик демөөрчүлөр социалдык шаарча куруп 24 үй-бүлө үйлүү болгон. (BTo/JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG