Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:24

Өспүрүм кыздын өлүмүнө шек саналган эки адам тергөө абагында каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баткен облусунун Кадамжай районунда 14 жаштагы кыздын өлүмүнө шек саналып кармалгандардын экөө 4-декабрга караган түнү Ош шаарындагы №5 тергөө абагында каза тапканы белгилүү болду.

Бул тууралуу маалыматты Жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова 4-декабрда “Азаттыкка” ырастап, эки шектүү асынып алганын билдирди. Анын айтымында, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Быйыл 5-сентябрда Кадамжай районунда киши колдуу болгон 14 жаштагы кыздын сөөгү табылган. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Буга байланыштуу Кадамжай районунун Исхак-Полотхан (ред: мурдагы Халмион) айыл аймагынын 24, 25 жана 27 жаштагы тургундары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 8-сентябрда кыздын өлүмүнө байланыштуу жашы жете элек дагы бир адам кармалган. Шектүүлөр Ош шаарындагы Жазаларды аткаруу кызматына караштуу №5 тергөө абагына которулган.

Ноябрь айында алардын камактагы мөөнөтү 2023-жылдын 4-январына чейин узартылган.

Окуя коомчулукта резонанс жаратып, Жогорку Кеңеште педофилдерге жазаны катаалдатуу сунуштары айтылган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG