Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:23

Ошто тергөө абагындагы өлүмгө байланыштуу иликтөө иши башталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын жетекчиси Сирожиддин Камолидинов Ош шаарындагы №5 тергөө абагында шектүүлөрдүн өлүмү боюнча териштирүү иштери башталганын билдирди. Анын сөзүнө караганда, камакта жаткандардын экөө 4-декабрга караган түнү саат экилерге жакын дааратканада шейшептерине асынып алган.

“Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлери боюнча материалдар катталып, текшерүү иштери башталды. Биринчи кароо жүргүзүлүп, каза болгондордун денесинен эч кандай залал аныкталган жок. Денелери таза. Соттук-медициналык экспертиза да жүргүзүлүп жыйынтыгы чыгарылат”, - деди Камолидинов.

Расмий маалыматка ылайык, Баткен облусунун Кадамжай районунда 14 жаштагы кыздын өлүмүнө шек саналып кармалган төрт айыпталуучунун үчөө Кадамжай райондук сотунун чечими менен 1-декабрда Оштогу №5 тергөө абагына которулган. Буга алардын сот иши башталганы негиз болгон. Ал эми шектүүлөрдүн дагы бири Жалал-Абад облусундагы жашы жете электер кармала турган мекемеге өткөрүлгөн.

Быйыл 5-сентябрда Кадамжай районунда киши колдуу болгон 14 жаштагы кыздын сөөгү табылган. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Буга байланыштуу Кадамжай районунун Исхак-Полотхан (ред: мурдагы Халмион) айыл аймагынын 24, 25 жана 27 жаштагы тургундары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 8-сентябрда кыздын өлүмүнө байланыштуу жашы жете элек дагы бир адам кармалган.

Ноябрь айында алардын камактагы мөөнөтү 2023-жылдын 4-январына чейин узартылган.

Тергөө абагында каза болгондордун жана азыр камакта жаткан эки шектүүнүн адвокаттары менен жакындары комментарий бере элек. BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG