Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:27

Экибастузда жылуулук түтүктөрүн калыбына келтирүү иши аяктап калды


Экибастуз шаары. 2022-жылдын 28-ноябры.
Экибастуз шаары. 2022-жылдын 28-ноябры.

Казакстандын Павлодар облусунун Экибастуз шаарындагы өзгөчө кырдаалды жөнгө салуу боюнча ыкчам штаб жылуулук түтүктөрүн калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди.

“Азаттыктын” казак кызматынын маалыматы боюнча, Экибастузда жекшемби күнгө карата көп кабаттуу 11 үй жылуулук борборуна кошула элек. Шаарда баш-аягы 689 көп кабаттуу үй бар. Оңдоо-калыбына келтирүү иштерине 500гө жакын адам тартылган.

Казакстандын түндүгүндө жайгашкан Экибастуз шаарында 27-ноябрда Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) агрегаттын түтүктөрү жарылган. Авариянын айынан 30 градус суукта шаардын 150 миңдей калкы жылуулуксуз калган. Шаарда өзгөчө кырдаал жарыяланып, облус башчысы иштен алынды.

Экибастузда 150 миңдей калк жашайт. Шаарда көмүр өндүрүшү жана электр энергетикасы өнүккөн. Кыргызстанда коңшу өлкөнүн жарандарына жардам берүү үчүн акча чогултулууда. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG