Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:40

Ырыс Жекшеналиевдин соту 13-декабрга жылды


Ырыс Жекшеналиев сот залында. 16-август, 2022-жыл.
Ырыс Жекшеналиев сот залында. 16-август, 2022-жыл.

Активист Ырыс Жекшеналиевдин иши боюнча 7-декабрда башталган соттук отурум башка күнгө жылды. Буга күбөнүн келбей калганы себеп болгонун, кийинки отурум 13-декабрга белгиленгенин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Фейсбуктагы "Полит Узник" баракчасынын администратору, 19 жаштагы Жекшеналиев 14-августтун кечинде милицияга бир нече саат сурак бергенден кийин камалган. Буга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону аталган баракчага жайгаштырганы негиз болгон.

Активистке каршы Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин ("Калайман башаламандык") 3-бөлүмүнө ("Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") ылайык кылмыш иши козголгон.

Жекшеналиев эч кандай күнөөсү жок экенин айтып келет. Ал саламаттыгы начарлаганына байланыштуу бир нече жолу медициналык текшерүүдөн өткөрүлгөн. Доктурлар анын ден соолугу жакшы эмес деп айтышканын тарапкерлери билдиришкен.

Буга чейин бир катар укук коргоочулар Ырыс Жекшеналиев боюнча өлкөнүн президентине, Жогорку сот, Башкы прокуратура, Ички иштер министрлигине кайрылуу жолдошкон. Активистти бошотуп, ага козголгон кылмыш ишин толугу менен токтотууга чакырышкан.

Бишкек шаардык соту 26-октябрда Ырыс Жекшеналиевдин бөгөт чарасын карап, үй камагына чыгарган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG