Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:47

Мамлекеттик карызды жабууга жыл башынан бери 30 миллиард сом бөлүндү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл жыл башынан бери Кыргызстан мамлекеттик карызын жабууга республикалык бюджеттен 30 миллиард сомдон ашуун каражат бөлгөнүн 7-декабрда Каржы министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, анын 10 миллиарды ички карызга, 20,6 миллиард сому тышкы карызга кетти.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын мамлекеттик карызынын жалпы суммасы 434,4 миллиард сомду түзүүдө. Доллар менен эсептегенде бул 5,2 миллион доллар.

Тышкы карыздын 42,2% же, акчалай эсептегенде, 1,8 миллиард доллары Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынан алынган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG