Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:48

Мас айдоочунун жазасы катуулоодо


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда мас айдоочулардын жазасын катуулатуу сунушу талкууланууда. Мыйзам долбоору бүгүн 7-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралып, депутаттар аны колдой турганын билдиришти.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Азамат Исраиловдун айтымында, мындан ары андай айдоочуларга айыппул салынбайт, жазанын катуураак чаралары колдонулат:

“Мас абалында машина айдагандарга айыппул деген такыр эле алынып жатат. Анын ордуна айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуу деген норманы киргизип жатабыз. Мисалы, ичип алып биринчи жолу кармалса күбөлүгүнөн бир жылга ажыратылат. Эгер кайра кайталанса, үч жылга ажырайт”.

Тийиштүү ылдамдыктан ашыра айдагандарга салынуучу айыппул да көбөйтүлүп жатканы белгилүү болду. Мисалы, 40-60 саат/чакырымга ашкан болсо 7,5 миң сом, 60 саат/чакырымга ашса 15 миң сом айыппул төлөнөт. Карама каршы тилкеге чыгып айдагандардын айыппулу 15 миң сом болот.

Ал эми мас абалында машина айдап эреже бузгандарды 6 айдан 15 жылга чейин эркинен ажыратууну караган мыйзам долбоору буга чейин талкууланган. Анда соңку он жылда Кыргызстанда 68 миңге жакын жол-транспорт кырсыгы катталды, натыйжада 10 миңдей адам каза болгону, жол кырсыктарынын 80% айдоочулардын айынан болору, анын ичинде машинени мас болуп алып айдагандар 7% түзөрү белгиленген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG