Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:32

Орусияда оппозиячыл саясатчы Илья Яшин сегиз жарым жылга камалды


Илья Яшин сотто.
Илья Яшин сотто.

Москванын Мещан райондук соту оппозициялык саясатчы, муниципалдык депутат Илья Яшинди Орусиянын армиясы тууралуу фейк маалымат таратууга күнөлүү деп таап, сегиз жарым жылга абакка кести. Бул тууралуу “Азаттыктын” орус кызматы кабарлады.

Прокурор аны 9 жылга камоону өтүнгөн. Аталган берене боюнча эң жогорку жаза 10 жыл болчу. Яшин соттук отурумда өзүнүн күнөөсүз экенин белгилеп, бул кылмыш иши саясий жүйө менен токулганын билдирди.

Илья Яшинге “армия жөнүндө фейк маалыматтарды таратуу” деген берене менен кылмыш иш козголгон. Буга ал өзүнүң Youtube каналындагы 7-апрель күнкү билдирүүсү себеп болгон. Анда ал Украинанын Буча шаарындагы жапырт кыргын тууралуу сөз кылып, муну үчүн Орусиянын аскерлерин айыптаган.

Илья Яшин – Орусиядагы белгилүү оппозициялык саясатчылардын бири. Ал башка бир оппозиционер Алексей Навальныйдын тарапкерлерин жапырт камоо болгон учурда да, Орусия Украинага кол салгандан кийинки куугунтук учурунда да өлкөдөн чыгып кеткен эмес. Саясатчы согушка ачык каршы чыгып, аны баштаганы үчүн президент Владимир Путинди айыптаган.

Яшин 28-июнда полицияга баш ийбөө административдик айыбы менен кармалып, 15 суткага камалган. Июлда анын үйү тинтилип, камак мөөнөтү дагы узартылган болчу.

Орусияда ушул маалга чейин “армия жөнүндө фейк маалымат таратуу” беренеси менен жалпы 70тей кылмыш иши козголду. Мында Орусиянын Коргоо министрлигинин расмий позициясына каршы келген билдирүүлөр “туура эмес” деп табылат. Мунун ичинде Украинада жайкын тургундар каза болгонун айткандар да камалууда. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG