Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:02

Орусия: мигранттар 10-январга чейин медициналык текшерүүдөн өтүшү керек


Орусиядагы мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиядагы мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.

2021-жылдын 29-декабрына чейин Орусияга барган Кыргызстандын жарандары 2023-жылдын 10-январына чейин манжа изин мамлекеттик каттоодон өткөрүп, медициналык текшерүүдөн өтүшү керек. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.

Ушул жылдын 11 айында Орусияда 152 миңдей кыргызстандык мигрант медициналык кароодон өтүп, алардын ичинен 2,5 миңи (1,7%) кошумча текшерүүгө жиберилген. Алардын теңинен жугуштуу оорулар аныкталган.

Орусияда сентябрдан тартып мигранттардан эмгек келишимин, жашаган жери боюнча миграциялык каттоону, медициналык кароодон, дактилоскопиялык текшерүүдөн өтүүнү талап кылган эрежелер күчүнө кирген.

Расмий маалымат боюнча, Орусияда миллиондон ашык кыргызстандык иштеп жүрөт. 30 жылдын ичинде 650 миңден ашык кыргызстандык бул өлкөнүн жарандыгын алган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG