Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:40

Бишкектин мэри кызматтан кетүү ниети жок экенин билдирди


Эмилбек Абдыкадыров.
Эмилбек Абдыкадыров.

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров өз арызы менен кызматтан кетпей турганын билдирди. Бул тууралуу ал 15-декабрда Жогорку Кеңеште депутат Элмурза Сатыбалдиевдин суроосуна жооп берип жатып айтты. Сатыбалдиев мэрдин президент Садыр Жапаров менен жеке мамилеси бар экенин айтып, шаардагы маселелерди чече албаганы үчүн өз эрки менен кызматтан кетүүгө чакырды.

“Бишкек шаарынын мэри болуп иштеп атканыма тогуз ай болуп калды. Менде андай ой жок. Алдыда пландарымды ишке ашырайын деген оюм бар. Мэрлер 5-6 ай же бир эле жыл иштебеши керек. Жок дегенде 3-5 жыл иштеши керек”, - деди Абдыкадыров.

Быйыл февраль айында президент Садыр Жапаров аны Бишкектин мэри кылып дайындаган.

64 жаштагы Эмилбек Абдыкадыров ишкер катары да белгилүү. Ал “Нур Строй Монтаж”, “ЭлитТауэрс” деген курулуш компанияларын, “Кереге проект”, “Алма”, “Сары-Таш”, “Ат-Башы Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы” ишканаларын түптөгөн.

Бишкекте таштанды, транспорт, түтүн көйгөйү чечилбегендиктен, калаа башчыга сын-пикирлер айтылып келет. Бир катар депутаттар президентке мэрди кызматтан алуу сунушун берүү маселесин көтөрүп жатышат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG