Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:40

Орус аскерлери Бахмут жана Авдеевка багыттарында чабуулун улантып жатат


Бахмут шаары. Украина. 19-декабрь, 2022-жыл
Бахмут шаары. Украина. 19-декабрь, 2022-жыл

20-декабрда Орусия Украинга согуш ачканына 300 күн болду.

Украин армиясынын Башкы штабы орус аскерлери Донецк облусунун Бахмут жана Авдеевка багыттарында чабуулун улантып жатканын, Лимандагы колдон чыгарган позицияларды кайтарып алуу аракетин көргөнүн билдирди.

Жакында бошотулган Херсон шаары кайрадан бомбалоого туш болгондо эки киши мерт кетти, үчөө жарадар болду. Бул тууралуу аскердик бийлик башчысы Ярослав Янушевич билдирди.

Днепропетровск облусундагы Никополь районунда түнкү соккулар кыйроолорго алып келгенин, тынч жаткан айылдарга кеминде 20 ракета атылганын жергиликтүү администрация маалымдады.

Бир күн мурда украин бийлиги Орусия "жанкечти" дрондор менен Киевдин энергетика тармагын жана башка жарандык объектилерди бутага алууну улантканын билдирген.

Ал арада украин президенти Владимир Зеленский куралдуу күчтөр танк, истребитель, абадан коргонуу системаларына муктаж экенин жарыялады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG