Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:58

Кемпир-Абад иши: Камактагылардын энелери акцияга чыгышты


Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын жакындары. Бишкек. 2022-жылдын 22-декабры.
Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын жакындары. Бишкек. 2022-жылдын 22-декабры.

Кемпир-Абад маселеси боюнча кармалгандардын жакындары, апалары бүгүн 22-декабрда Бишкекте акцияга чыгып, аларды коё берүүнү талап кылышты.

Курманжан датканын эстелигинин алдына Орозайым Нарматова, Бектур Асанов, Перизат Суранова, Асия Сасыкбаева баштаган бир катар саясатчылардын, активисттердин тарапташтары жана жакындары чогулуп, мыйзамдар одоно бузулуп жатканын айтышты.


“Жапырт камоо мыйзам бузуу менен коштолгон. Алардын үйүндө тинтүү соттун чечими жок туруп жүргүзүлгөн, камоонун мөөнөтү да мыйзамсыз узартылууда”, - деди Асия Сасыкбаеванын сиңдиси Асыл Айтбаева.

Чогулгандар “Боштондук!”, “Мекенин сүйүү кылмыш эмес!” деген ураандарды айтып турушту.

Клара Сооронкулованын эжеси Нурия Сооронкулова сиңдиси бир аптадан ашык убакыттан бери ачкачылык кармап, ден соолугу начарлап кеткенин айтты.

Быйыл 23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган. Алар - Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Асия Сасыкбаева, мурдагы депутаттар Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров, Азимбек Бекназаров, Орозайым Нарматова, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, укук коргоочу Рита Карасартова, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев, Боршайкомдун мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева, активисттер Илгиз Шаменов, Улукбек Маматаев, Акылбек Айтбаев, Али Шабдан, Чыңгыз Капаров, Марат Баязов, Таалайбек Мадеминов, Атай Бейшенбек, Перизат Суранова, Талас облусунун мурдагы башчысы Айбек Бузурманкулов, Жалал-Абад облусунун мурдагы жетекчиси Бектур Асанов, журналист Айданбек Акматов жана башкалар.

Камактагылардын көбү протест катары бир аптадан бери ачкачылык кармап жатышат.

Ички иштер министрлиги камактагы бул адамдар Жазык кодексинин "Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык" беренесинин негизинде кармалганын билдирген.

Кылмыш ишин козгоого алардын Бишкектеги кафелердин биринде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда өткөргөн жыйыны негиз болгон.

Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, муну саясий куугунтук деп атап жатышат.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга негизсиз өтүп кетиши ыктымал деген кооптонуусун айрым саясатчылар жана активисттер бул маселе парламенттик комитетте жабык каралганда ачык айта башташкан. Президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасындагы талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген.

Жакында "Кабар" агенттигине курган маегинде Жапаров аталган иш боюнча камалгандарды “Төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба албай, Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен" деп айткан. (KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG